Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) XХIV сессиясы
2015-жылдын 6-ноябры № 4
Сарай айыл өкмөтүнүн Миялы айылындагы ашар жолу менен бүткөрүлгөн мечитке мечит макамын берүү жөнүндө
Сарай айылдык аймагынын Миялы айылынын айыл башчысы К.Исаковдун жана элдердин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Сарай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн Миялы айылынын айыл башчысы К.Исаковдун жана айылдын тургундарынын билдирүүсүнүн негизинде ашар жолу менен курулган мечитке мечит макамын берүүгү уруксат берилсин.
2. Миялы айылындагы мечиттин иш кагаздарын жана токтомдорун даярдоо жагы Сарай айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салимов |