Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) XХIV сессиясы
2015-жылдын 6-ноябры № 5
Сарай айыл өкмөтүнүн Киров айылынын тургуну Дадаев Манастын жер үлүшүнүн четине жол боюна тынымсыз акыр-чикирлерди төгүп кеткенине байланыштуу көзөмөл кылуу жана пайдаланууга берүү жөнүндө
Сарай айылдык өкмөтүнүн Киров айылынын тургуну М.Дадаевдин үлүш жеринин четине жол боюна тынымсыз акыр-чикирлерди төгүп кетип жатканына байланыштуу көзөмөлдөп жана пайданлануу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Сарай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Киров айылынын тургуну М.Дадаевдин үлүш жеринин четине жол боюна тынымсыз акыр-чикирлерди төгүп кетип жатканына байланыштуу көзөмөлдөп туруу үчүн контейнер коюуга уруксат берилсин.
М.Дадаевге жер үлүшүнүн четине жол боюна акыр-чикирлерди төктүрбөө жана ошол жолдун боюна убактылуу унаа жуучу жай куруп ошол жердин тазалыгын көзөмөлдөө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салимов |