Загрузка документа…
САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сарай айылдык кеңешинин (V шайланган) XХIV сессиясы
2015-жылдын 6-ноябры № 6
Сарай айыл өкмөтүнүн Тельман айылынын тургунуна кайракы жерден тамчылатып сугарып бак өстүрүү үчүн жер бөлүп берүү жөнүндө
Сарай айылдык өкмөтүнүн Тельман айылынын тургуну К.Исмаиловго кайракы жерге тамчылатып сугарып бак өстүрүү билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Сарай айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сарай айыл өкмөтүнүн кайра бөлүүштүрүү фондунун кайракы жеринен жер тилкесин тамчылатып сугарып бак өстүрүү үчүн кайрылган жарандарга 2016-жылга биринчи кезекте жер тилкеси берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Сарай айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салимов |