Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XIII СЕССИЯСЫ
2014-жылдын 12-марты № 92/13-3
Мамлекеттик ишмер С.Ибраимовго (каза болгондон кийин) «Эл Баатыры» наамын ыйгаруу жана мамлекеттик сыйлык түзүү жөнүндө Жогорку Кеңешке кайрылуу жөнүндө
Токмок ш. мэриясынын 04.03.2014-жылдагы №176/1-4 жана катынын жана социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ», «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ» Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер С.Ибраимовго (каза болгондон кийин) «Эл Баатыры» наамын ыйгаруу жөнүндө жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн С.Ибраимов атындагы мамлекеттик сыйлык түзүү жөнүндө өтүнмө жөнөтүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Таманбаев |