Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН III ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XIII СЕССИЯСЫ
2014-жылдын 12-марты № 93/13-3
«Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок» гезитинин редакциясынын теңдеминдеги авто унаа каражатын Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын теңдемине өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
«Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок» гезитинин Башкы редакторунун авто унаа каражатын өткөрүп берүү жөнүндө 20.02.2014-жылдагы №176 өтүнмөсүн карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ», «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок» гезитинин редакциясынын теңдеминдеги авто унаа каражатын Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын теңдемине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын башкаруучусу (Чотбаев К.К.) тарабынан, оперативдүү колдонуу укугунда авто унаа каражаты Токмок ш. Социалдык өнүктүрүү башкармалыгына бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, өнөр жай, курулуш, архитектура, унаа жана турак-жай коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Р. Таманбаев |