Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН НАРЫН ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXV ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКТЕГИ XXIII СЕССИЯСЫ
2012-жылдын 11-апрели № 1
Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарларын шайлоо жана шаардык Кеңештин туруктуу комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
№4 «Педагогикалык окуу жайы» шайлоо округунан шайланган Нарын шаардык Кеңешинин депутаты Максуталиев Нурлан Кубатовичтин, №5 «Көтөрмө» шайлоо округунан шайланган депутаттар Суранов Алмаз Сурановичтин жана Болотбеков Марат Болотбековичтин муниципалдык-мамлекеттик кызматтарга өткөндүгүнө байланыштуу жана №7 «Батыш» шайлоо округунан шайланган депутат Жумакадыров Алмазбек Мамытовичтин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жазган арызына ылайык , №4 «Педагогикалык окуу жайы» шайлоо округунан шайлоочулардын көп добушун алган талапкер Качкынбаев Токтогон Качкынбаевич, №5 «Көтөрмө» шайлоо округунан шайлоочулардын көп добушун алган талапкерлер Ибраев Темирбек Ибраевич жана Дайырбеков Кубан Дайырбековичтин , №7 «Батыш» шайлоо округунан шайлоочулардын көп добушун алган талапкер Аскаров Эрлан Алсеитовичтин Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 22-беренесине ылайык Нарын аймактык шайлоо комиссиясынан депутаттык мандаттарын алгандыгынын негизинде депутаттардын Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №4 «Педагогикалык окуу жайы» шайлоо округунан шайлоочулардын көп добушун алган талапкер Качкынбаев Токтогон Качкынбаевич, №5 «Көтөрмө» шайлоо округунан шайлоочулардын көп добушун алган талапкерлер Ибраев Темирбек Ибраевич жана Дайырбеков Кубан Дайырбекович, №7 «Батыш» шайлоо округунан шайлоочулардын көп добушун алган талапкер Аскаров Эрлан Алсеитович Нарын шаардык Кеңешинин депутаттык мандатын алгандыгына байланыштуу, шаардык Кеңештин депутаты деп табылсын жана шаардык Кеңештин туруктуу комиссияларынын курамына өзгөртүү киргизилсин.( туруктуу комиссиянын курамы тиркелет)
2. Нарын шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарлары Максуталиев Нурлан Кубатович жана Болотбеков Марат Болотбекович муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарга өткөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 38-беренесине ылайык депутаттардын жалпы добушу менен депутат Балбаев Бакыт Усейинович шаардык Кеңештин төрагасынын биринчи орун басарлыгына, депутат Чороев Бакытбек Кадырмамбетович шаардык Кеңештин төрагасынын орун басарларлыгына шайланды.
Депутаттардын Нарын шаардык кеңешинин төрагасы |
А. Көкөтаев |
| 11-апрель 2012-жылдагы 23-сессиянын 1-токтомуна тиркеме |
№ |
I. Социалдык-экономикалык өнүгүү, бюджет, финансы, салык, лицензиялоо, патент, приватташтыруу боюнча туруктуу комиссиясы
| ||
1 | Турсуналиев Эрмек Турдалиевич | Комиссиянын төрагасы | |
2 | Жакыпов Курманбек Садыкович | Төраганын орун басары | |
3 | Токталиев Рахат Абдыжалилович | Комиссиянын мүчөсү | |
4 | Мамбетов Кубан Тукешович | Комиссиянын мүчөсү | |
5 | Эсеналиев Сарбагыш Абдыраевич | Комиссиянын мүчөсү | |
|
II. Курулуш архитектура, жер маселеси, электр, отун энергетикасы, коммуналдык менчиктештирүү, транспорт, байланыш жана коммуникация иштери боюнча туруктуу комиссиясы
| ||
1 | Байгубатов Болотбек Осмонович | Комиссиянын төрагасы | |
2 | Абдыкадыров Алмазбек Мукашевич | Төраганын орун басары | |
3 | Каптагаев Болотбек Кыдырмышович | Комиссиянын мүчөсү | |
4 | Ибраев Темирбек Ибраевич | Комиссиянын мүчөсү | |
5 | Жумагулов Таалайбек Аликович | Комиссиянын мүчөсү | |
III. Ардагерлер маселелери, жаштар саясаты, спорт жана туризмди өнүктүрүү, этика жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча туруктуу комиссиясы
| |||
1 | Сияев Таштанбек Моңолдорович | Комиссиянын төрагасы | |
2 | Дүйшөналиев Арпачы Дүйшөналиевич | Төраганын орун басары | |
3 | Сабитова Анара Сагындыковна | Комиссиянын мүчөсү | |
4 | Качкынбаев Токтогон Качкынбаевич | Комиссиянын мүчөсү | |
5 | Аскаров Эрлан Алсеитович | Комиссиянын мүчөсү | |
IV. Билим, илим жана маданият, саламаттыкты сактоо, гендердик саясат, улуттук каада-салттарды өнүктүрүү, эмгек, калкты социалдык жактан коргоо боюнча туруктуу комиссиясы
| |||
1 | Аракеев Туратбек Абдырахманович | Комиссиянын төрагасы | |
2 | Молдосалиев Автандил Жыргалбаевич | Төраганын орун басары | |
3 | Өскөнбаев Касым Абдылдаевич | Комиссиянын мүчөсү | |
4 | Көкөтаева Жийде Шералиевна | Комиссиянын мүчөсү | |
5 | Чымылдаков Эмилбек Назарбекович | Комиссиянын мүчөсү | |
V. Укук коргоо, Мыйзамдуулукту сактоо жана коррупцияга каршы күрөшүү, эл чарба тармактары, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция, эл аралык байланыш, керектөөчүлөрдүн эмгегин коргоо, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, мыйзамдуулукту коргоо, экология боюнча туруктуу комиссиясы
| |||
1 | Токтосунов Байышбек Токтосунович | Комиссиянын төрагасы | |
2 | Өмүралиев Асанбек Кожошевич | Төраганын орун басары | |
3 | Дайырбеков Кубан Дайырбекович | Комиссиянын мүчөсү | |
4 | Дүйшеев Канатбек Бейшенбекович | Комиссиянын мүчөсү | |
5 | Жээнчороев Таалайбек Осеевич | Комиссиянын мүчөсү | |