Загрузка документа…
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
2012-жылдын 29-февралы № 3
Жан - Булак айылынын калктын менчигиндеги малдарды ветеринардык жактан тейлөөчү аптека ачуу жөнүндө
Дуйнөлүк банктын көмөгүнүн алдындагы «Тоолук аймактарды жамааттарды колдоо» программасынын негизинде Жан — Булак айылдык округунун Жан — Булак айылында калктын менчигиндеги малдарды дарылоо жана алдын алуучу чараларды көрүү максатында ветеринардык аптека ачуу жөнүндөгү Жан — Булак айылынын тургуну М. Сейдылдаевдин сунушун карап чыгып жана талкуулап, Жан Булак айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жан — Булак айылдык округунун башчысы М. Сейдылдаевдин сунушунун негизинде Жан - Булак айылынын тургуну Турусбекова Динаранын Жан - Булак айылына калктын менчигиндеги малдарды ветеринардык жактан тейлөөчү вет аптека ачуу жөнүндөгү арызы канаатандырылсын.
2. Ветеринардык аптеканын ишин жакшыртуу менен калк арасында түшүндүрүү жумуштарын жүргүзүү жагы Д. Турусбековага милдеттендирилсин.
Төрага | Р. Акунов |