Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-октябры № 04
Боо-Терек айыл аймагындагы № 9 УБДТнун ооруканасынын аймагынын ичинен оорукана имаратынын бөлмөлөрүнүн (Г корпусун) кайра Профилдөө жана толугу менен "Бала-бакча" ачуу жөнүндө
Боо-Терек айыл аймагындагы №9 УБДТнун ооруканасынын аймагынын ичинен оорукана имаратынын бөлмөлөрүнүн (Г корпусун) кайра профилдөө жана толугу менен "Бала-бакча" ачуу жөнүндөгү Боо- Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кубанычбековдун демилгесин угуп, талкуулап, Боо-Терек айылдык кеңеши XXX-чакырылышынын XXIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл аймагындагы Ч.Сатаев №84"А" дарегиндеги №9 УБДТнун ооруканасына тиешелүү 9805,5м2 аянтындагы участогунун ичиндеги оорукана (Г) корпусунун 415,80м2 кызматтык аянтын кайра профилдөө жана толугу менен "Бала-бакча" ачууга уруксат берилсин.
2. Долбоорду ишке ашырууда 3224479 сом каралат. Өздүк салым үчүн 483671сом белгиленсин.
3. Капиталдык ремонттон өткөрүү долбоорун даярдоо жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн адиси К.Акылбековго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кубанычбековго жүктөлсүн.
Боо-Терек айылдык кеңешинин төрайымы |
А. Алымкулова |