Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын 23-сессиясы
2015-жылдын 5-декабры № 1
“Айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын коэфицентин бекитип берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Салык кодексинин 339-беренесинин 4-бөлүмчөсүнө ылайык” Момбеков айыл Өкмөтүнүн ага салыкчысы Б.Мураталиевдин сунушун угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын 23-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Момбеков айыл Өкмөтүнүн ага салыкчысы Б.Мураталиевдин сунушу эске алынсын.
2. Момбеков айыл Өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардын айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын К 3 зоналдык коэфицентинин өлчөмү 1,2 өлчөмүндө белгиленип бекитилсин.
3. Көмүскө экономиканы ачыка чыгарып, салыктарды төлөтүү ага салыкчы Б.Мураталиевке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Момбеков айыл Өкмөтүнүн башчысы Д.Төрөкановго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Момбеков айылдык кеңешинин “финансы жана бюджет маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктолсүн.
Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы |
Мамыров К.М |