Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын 23-сессиясы
2015-жылдын 5-декабры № 2
Жазгак айылындагы Мустафа атындагы мечиттин сол тарабындагы жаңы көчөгө Кошоев Эсенбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндө
Жазгак айылынын тургундарынын 09.07.2015-жылдагы жалпы жыйналышынын токтомунун негизинде айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Т.Стамбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Момбеков айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын 23-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазгак айылынын тургундарынын 09.07.2015-жылдагы жалпы жыйналышынын жаңы көчөгө Кошоев Эсенбайдын атын ыйгарып берүү жөнүндөгү токтому эске алынсын .
2. Жазгак айылындагы жаңы көчөгө Кошоев Эсенбайдын ысымы ыйгарылсын.
3. Жыңы түшкөн көчөгө катар номерин жана Кошоев Эсенбайдын ысымы жазылган тактайчаларды жасатып илдирүү менен бирге көчөнүн социалдык маселелерин такай чечүү, көрктөндүрүү жашылдандыруу жагы Э.Кошоевдин уулу Кошоев Кубанычбек Эсенбаевичке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Момбеков айылдык кеңешинин укук коргоо жана мыйзамдуулукту сактоо, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына, айыл башчыларына жүктөлсүн.
Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы |
Мамыров К.М |