Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2015-жылдын 5-августу № 23/2
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө түшкөн акча каражаттан Кара-Тоо айылына трансформатор коюуга акча которуу жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кара-Тоо айылынын тургундарынын кайрылууларынын негизинде ФЭБ башчысы – башкы эсепчи А.Касымованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Тоо айылынын жаны-конушуна трансформатор коюуга 70 000 (жетимиш мин) сом 2015-жылдын киреше бөлүгүнө түшкөн акча каражатынан бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын келишимдин негизинде которуп берүү жагы ФЭБ башчысы А.Касымовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Монкоевге жүктөлсүн.
Төрага | М.М. Букамбаев |