Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2015-жылдын 5-августу № 23/3
Семиз-Бел айыл аймагынын Чекилдек айылындагы № 735 контрундагы жайгашкан «Айгыр-Жал» участкасындагы жайыт жерди өнөр жайдын алдындагы байланыш жерлер категориясына которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11,12,18–беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Жер учатокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү» № 145 15.07.2013-жылдагы Мыйзамына, Нарын облустук Жерге жайгаштыруу экспедициясынын 04.08.2015-жылдагы № 285 Аныктамасына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Нарын аймактык башкармалыгынын 04.08.2015-жылдагы № 61-в/о корутундусуна, Кочкор районунун шаар курулуш жана архитектура боюнча башкармалыгыны 05.08.2015-жылдагы № 128 корутундусун негиздеп Семиз-Бел айыл аймагынын Чекилдек айылынын тургундарын сапаттуу уюлдук байланышы менен камсыз кылуу максатында, Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынын Чекилдек айылындагы № 735 контрундагы 300 чарчы метр жер аянты жайыт жерлер категориясындагы жерлерден өнөр жай алдындагы байланыш жерлер категориясына которууга макулудук берилсин.
2. Кочкор райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасынан жер балансасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы суралсын.
3. Которулган жер Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Моңкоевге тапшырылсын.
Төрага | М.М. Букамбаев |