Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2015-жылдын 5-августу № 23/4
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Чекилдек айылындагы бала-бакчанын түрткү берүүчү грант менен капиталдык ремонттон ѳткѳрүү жѳнүндѳ
Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Чекилдек айылындагы бала-бакчаны капиталдык ремонттон ѳткѳрүү боюнча түрткү берүүчү грант менен 3337216 (үч миллион үч жүз отуз жети миң эки жүз он алты) сомго капиталдык ремонттон ѳткѳрүү жѳнүндѳгү билдирүүнү угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ѳздүк салым үчүн 15 пайыздык 450,0 (төрт жүз ээлүү миң) сом айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен нак акчалай түрүндѳ Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнѳ караштуу Чекилдек айылындагы бала-бакчанын имаратын капиталдык ремонттон ѳткѳрүү» долбооруна каражат бөлүнүп берилсин, акча каражатын бөлүп берүү жагы ФЭБ башчысы А. Касымовага милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Э.Моңкоевге тапшырылсын.
Төрага | М.М. Букамбаев |