Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы
2015-жылдын 5-августу № 23/6
Кара-Тоо айылынан жаңы мектеп куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Тоо айылындагы Ш.Абдылдаев атындагы мектебине тиешелү жер аянтына, жаңы мектеп курууга Кара-Тоо айылынын элдеринин суроо талабын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын турак жай жана курулуш жөнүндөгү Мыйзамынын 5-статьясына жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-статьясына ылайык, Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Тоо айылына жаңы Мектеп куруу үчүн Ш.Абдылдаев атындагы мектебине тийешелүү жер аянтынын №3 Корпустун түштүк батыш тарабынан 9000м2 жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жердин документтерин мыйзамга ылайык берүү жана каттоодон өткөрүү райондук жерге жайгаштыруу, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынан суралсын.
3. Кочкор райондук электр тармактар ишканасынан техникалыкалык шарттарын түзүүгө кеткен чыгымдар айыл өкмөтүнүн ар башка каражатынан 20000 ( жыйырма миң) сом өлчөмүндө каржыланып берилсин. Жер аянтын чектеп берүү жана ал жерге баардык курулуштардын жер участкасынын планын, долбооруна ылайык салынышын көзөмөлдөө райондук архитектура башкармалыгынан суралсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевке тапшырылсын.
Төрага | М.М. Букамбаев |