Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
2015-жылдын 20-октябры № 24/1
Семиз-Бел айыл аймагындагы мектептердин кышка карата даярдыктарынын бүткөрүлүшү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагындагы мектептердин кышка карата даярдыктарынын бүткөрүлүшү жөнүндө мектеп директорлорунун жана маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын маалыматтарын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүүчү мектептерде жана «Куруучу» бала бакчасында 2015-2016-жылдарга карата кышка даярдыктын бүткөрүлүшү боюнча жалпы баардык мектептерде жана бала бакчада кышка даяр экендиги белгиленсин.
2. Айыл аймагындагы мектептерде жана бала бакчада көмүрдүн туура түшүүсүн көзөмөлдөө, электр энергиясын үнөмдөп сарптоого карата иштерди жүргүзүү, печка контромаркаларды от жагууга даярдоо жана терезелерди жылуулап уюштуруу иштерин жүргүзүү мектеп директорлоруна жана бала бакчасына милдеттендирилсин.
3. Социалдык обьектилерге көмүр түшүрүүнү өз убагында камсыз кылуу жана электр энергиясынын лимитин тактап, лимиттен ашык пайдаланышын көзөмөлдөө жана Арсы орто мектебине кошумча көмүр түшүрүү боюнча жеринде текшерүү иштерин жүргүзүп, текшерүүнүн жыйынтыгы менен чечип берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Касымовага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | М.М. Букамбаев |