Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
2015-жылдын 20-октябры № 24/2
Семиз-Бел айыл аймагындагы клуб башчыларынын аткарган иштери жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагындагы клуб башчыларынын аткарган иштери жөнүндө клуб башчыларынын жана маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Исаевдин маалыматтарын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдык клубдарда клуб башчыларынын жүргүзүп жаткан иштерин «Канааттандыраарлык»деп табылсын.
2. Клуб башчыларынын иштеринин уюштурулушунда майда ремонт иштери жүргүзүлүп, клубдарды капиталдык ремонттон өткөрүү жана кайра куруу иштери боюнча эч кандай чаралар көрүлбөй, Кара-Тоо , Арсы айылдык клубдары бүгүнкү күндө жараксыз абалда тургандыгы белгиленсин.
3. Айыл аймагындыгы Кара-Тоо, Арсы айылдык клубдарын калыбына келтирүү боюнча проектилер менен иш жүргүзүп, капиталдык ремонттон өткөрүү жана алынган музыкалык аппаратураларды пайдаланып, айылдарда даталуу күндөрдө маданий массалык иш чараларды уюштуруу клуб башчыларына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | М.М. Букамбаев |