Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
2015-жылдын 20-октябры № 24/3
«Сенкилтай- Тоо булагы» СПАсына алынган кредиттик төлөмдөрдү кайра кайтаруу жөнүндө
«Сенкилтай- Тоо булагы» СПАсынын курулуш жана реаблитация иштерин кайра калыбына келтирүүгө каралган долбоордун сметалык жалпы суммасынын 25% тин
7 жылдык кайра кайтарып берүүгө макулдук берилген. Ошол кредиттик төлөмдөрдун төлөө убактысы келип пайыздары өсүп жаткандыгына байланыштуу, кредиттик төлөмдөрдү тез арада чогултуу жана төлөмдөрдүн тарифин бекитип берүү жөнүндө Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевдин маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Сенкилтай-Тоо булагы» СПАсынын курулуш жана реаблитация иштерин калыбына келтирүүгө алынган кредиттик төлөмдөрдү чогултуу боюнча айыл өкмөтүнүн аппараты практикалык жардамдарды көрсөтүшсүн. Кредиттик төлөмдөрдү чогултуу боюнча Арсы айылына жооптуу болуп Арсы айылынын башчысы К.Ирсалиев, Кара-Тоо айылына жооптуу болуп айыл өкмөтүнүн башкы адиси Э.Токоевага милдеттендирилсин.
2. Кара-Тоо, Арсы айылдырындагы жашоочулар үчүн сугат сууларын пайдалануудагы кредиттик төлөмдүн тарифи төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
-үлүш жерге 1га-300 сом
- короо алдындагы жерге (огород)- 100 сом
-ижарага алынган жерге 1га-300 сом
3. Төлөмдөрдү чогултуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү менен 2015-жылдын аягына чейин пайыздык төлөмдөрдүн өсүшүнө жол бербөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Моңкоевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасына тапшырылсын.
Төрага | М.М. Букамбаев |