Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
2015-жылдын 20-октябры № 24/4
Семиз-Бел айыл өкмөтү боюнча салык жана салык эмес төлөмдөрдү өз убагында чогултуу жөнүндө
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагында жыл аяктап, салык чогултууда план тапшырмалар өз убагында аткарылбай жаткандыктан, салыкты чогултуп, планды аткаруу үчүн кошумча милдеттендирүү жөнүндө ФЭБ башчысы А.Касымованын маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүндө салыктардын баардык түрү боюнча жыл аягына салык жана салык эмес төлөмдөрдүн план тапшырмаларын аткаруу боюнча кечиктирилгис чаралар көрүлсүн.
2. Салык жана салык эмес төлөмдөрду чогултуу боюнча айыл өкмөтүнүн экономист-статисти Н.Кешикчиевага кызматына кошумча милдеттендирилсин.
3. Ар бир айылдарда салык чогултууга тизмелерин тактоого көмөк көрсөтүү жана салык чогултууга жардам берүү жагы айыл башчыларына тапшырылсын.
4. Айыл башчыларына, аппарат кызматкерлерине тизме түзүп кыдыруу, айыл тургундарына түшундүрүү иштерин жүргүзүү, салык чогултуу иштерин уюштуруу ФЭБ башчысы А.Касымовага милдеттендирилсин.
5. Салык инспектору Б.Көбөнов салык жана салык эмес төлөмдөрдүн чогулушу боюнча жылдык план тапшырмалар аткарылбаса, тийешелүү чаралар көрүлөөрү эскертилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Төрага | М.М. Букамбаев |