Загрузка документа…
БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-февралы № 2
Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана 2016-2017-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
2013-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2015-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше жаша чыгаша бөлүгүн, 2016-2017-жылдардын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Байзак айыл аймагынын 2013-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы толуктоолорду киргизүү менен киреше 18586,3 мин сом жана чыгаша бөлүгү 17911,6 минсом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2015-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 7185,6 мин сом (мунун ичинен 6694,5 мин сом жергиликтүү киреше 491,1 мин сом теңдештирме грант) өлчөмүндө бекитилсин.
3. 2016-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 7457,7 мин сом (жергиликтүү киреше 7334,5 мин сом, тендештирме грант123,2 мин сом) ал эми 2017-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 8389,5 имн сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Жергиликтүү кирешенини эсебинен «Спорт комплексинин курулушун улантуу үчүн 743,0 мин сом бөлүнсүн.
5. Кассалык айлануу 35,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. С .Рысманбетов атындагы балдардын искусство мектебинин мугалимдеринин жан техникалык кызматкерлеринин айлык акысы, социалдык фондго чегерүүлөрү Республикалык бюджеттен өз учурунда каржыланып турары белгиленсин
7. Биринчи кезекте корголгон статьялар (эмгек акы, соцфондго чегерүүлөр, коммуналдык чыгымдар, тамак ашка каржылансын.
8. Токтомдо көрсөтүлгөндөр боюнча сметага ылайык өз багыты менен чыгымдоо айыл өкмөтунүн ФЭБине милдеттендирилсин
9. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттодон өткөрүлүп jumgal.kg. сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
10. Бул токтомдун аткарылышы боюнча тийиштүү чечимдерди чыгаруу жана аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сапаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Шурубеков |