Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-ноябры № 01-05/175
К.М. Эгембердиевдин 9 айлык отчёту жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин, 2015-жылга шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча отчётун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31 жана 44-беренелерине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин, 2015-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери боюнча берген отчёту «канааттандырарлык» деп табылсын.
2. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 44-беренесинин 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 мыйзамынын редакциясын жетекчиликке алып, жарым жылда бир жолудан кем эмес шаардык Кеңешке отчёт берип туруу жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы |
Б. Артыков |