Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-ноябры № 01-05/177
А.Акматованын маалыматы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын, шаардагы билим берүү мекемелеринин жана “Кыргызпочта”, “Кыргызтелеком” ишканаларынын кышка карата даярдыгын, иштөө абалын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматын угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Акматованын шаардагы билим берүү мекемелеринин жана “Кыргызпочта”, “Кыргызтелеком” ишканаларынын кышка карата даярдыгын, иштөө абалын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Шаардагы билим берүү мекемелеринин жана “Кыргызпочта”, “Кыргызтелеком” ишканаларынын кышка карата даярдыгын, иштөө абалын көзөмөлдөө жагы Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, спорт жана дин маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын курамына бекитилсин.
3. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө, шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары А.М.Нусупбековго милдеттендирилсин.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы |
Б. Артыков |