Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-ноябры № 01-05/178
Д.Назаровдун маалыматы жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2015-2016-жылдарда кышка карата даярдык көрүүдө шаардык мэриянын жана анын тармактарынын жүргүзүп жаткан иштерин текшерүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Назаровдун 2015-2016-жылдарда кышка карата даярдык көрүүдө шаардык мэриянын жана анын тармактарынын жүргүзүп жаткан иштерин текшерүү жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. 2015-2016-жылдарда кышка карата даярдык көрүүдө шаардык мэриянын жана анын тармактарынын жүргүзүп жаткан иштеринин аткарылышы «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары А.М.Нусупбековго милдеттендирилсин.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы |
Б. Артыков |