Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-ноябры № 01-05/179
Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы Ч.Осоровдун кайрылуусун кароо
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы, муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы Ч.Осоровдун кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесинин 2-пунктунун 17-пунктчасына ылайык , сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысы Ч.Осоровдун “Тоскоол-Ата токой чарбасынын эсебинде турган 206 га жер аянтын Кочкор-Ата шаарынын балансасына өткөрүп алуу үчүн архиелогиялык изилдөө жүргүзүү үчүн 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражатын иштетүүгө уруксат сурагандыгы” жөнүндө кайрылуу каты эске алынсын.
2. Кочкор-Ата шаардык муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин башчысынын кайрылуусунун негизинде 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Аталган кайрылуунун аткарылышы үчүн акча каражатын бөлүп берүү жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңешинин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы |
Б. Артыков |