Редакцияот 05.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 5-ноябры № 01-05/180

Кочкор-Ата шаарынын 8-март көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылуу катын кароо жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы, шаардын 8-март көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылуу катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесине ылайык , сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кочкор-Ата шаарынын 8-март көчөсүнүн жашоочуларынын кайрылуу каты эске алынсын.

2. Кайрылуу катта каралган 8-март көчөсүнө асфальт төшөө маселеси 2016- жылдын жергиликтүү бюджетинен каралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышы на көзмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Кочкор-Ата шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Б. Артыков