КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-ноябры № 01-05/181
Н.Исанов атындагы жатак-гимназия мектебинин директорунун кайрылуу катын кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы, Н.Исанов атындагы жатак-гимназия мектебинин директорунун кайрылуу катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесине ылайык, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Н.Исанов атындагы жатак-гимназия мектебинин директору А.Нусупбековдун кайрылуу каты эске алынсын.
2. Н.Исанов атындагы жатак-гимназия мектебинин айланасын тосмолоо иштери менен бирге ошол жерге кароолкана курууга керектелүүчү 323 297 (үч жүз жыйырма үч миң эки жүз токсон жети) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы шаардык Кеңештин төрагасынын орун басары К.Арстанбаевага милдеттендирилсин .
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы |
Б. Артыков |