Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-ноябры № 01-05/182
Кочкор-Ата шаардык китепкана башчысынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык китепкана башчысынын кайрылуусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесине ылайык, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык китепкана башчысы Ж.Арипованын кайрылуу каты эске алынсын.
2. Шаардык китепканага түстүү принтер алууга 15 000 ( он беш миң) сом акча каражатын бөлүп берүү үчүн , китепкананын сапар чыгымына берилген акча каражаты жылдырылсын.
3. Керектелүүчү акча каражатын бөлүп берүү жагы Кочкор-Ата шаар мэриясынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышына көзмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы |
Б. Артыков |