Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-ноябры № 01-05/184
Кочкор-Ата шаарынын Эгембердиев жана Сыдыков көчөлөрүнүн тургундарынын кайрылуу каты жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Эгембердиев жана Сыдыков көчөлөрүнүн тургундарынан түшкөн кайрылуу катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесине ылайык, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын Эгембердиев жана Сыдыков көчөлөрүнүн тургундарынан түшкөн кайрылуу каты жактырылсын.
2. Кайрылуу катта көрсөтүлгөн Пионер жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинен Октябрь көчөсүнө чейин тротуар куруу маселеси 2016-жылдын жергиликтүү бюджетинен каралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышына көзмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы |
Б. Артыков |