Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-ноябры № 01-05/185
Кочкор-Ата шаардык “Тазалык” санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишканасынын жетекчисинин кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаардык “Тазалык” санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишканасынын жетекчисинин кайрылуу катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык “Тазалык” санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү ишканасынын жетекчиси А.Жумаевдин кайрылуу каты жактырылсын.
2. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралган акча каражатынан ишкананын чыгымдарын каржылоо үчүн акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Керектелүүчү 1 280 881 (бир миллион эки жүз сексен миң сегиз жүз сексен бир) сом акча каражатын которуп берүү жагы Кочкор-Ата шаардык мэриясынын каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы |
Б. Артыков |