Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-ноябры № 01-05/186
Кочкор-Ата балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директорунун кайрылуу катын кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы, Кочкор-Ата балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директорунун кайрылуу катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесине ылайык, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору А.Усмановдун кайрылуу каты жактырылсын.
2. Кайрылуу катта көрсөтүлгөн 2015-жылдын 7-14-октябрында Жалал-Абад областында өткөрүлгөн Республикалык VII Спартакиадасында Кочкор-Ата шаарынын жеңүүчү спортчулары жана машыктыруучулары акчалай сыйлык менен сыйлансын.
3. Сыйлоо үчүн керектелүүчү 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражатын бөлүп берүү жагы Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы |
Б. Артыков |