Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-ноябры № 01-05/187
Көп кабаттуу турак-жай куруу үчүн түзүлгөн келишимди кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XXVIII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Пионер жана Тургенев көчөлөрүнүн ортосуна көп кабаттуу турак-жай куруу үчүн түзүлгөн келишимдин шаарттары менен таанышып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31- беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын Пионер жана Тургенев көчөлөрүнүн ортосуна көп кабаттуу турак-жай куруу үчүн ОсОО “Алтарник” менен түзүлгөн келишим жактырылсын.
2. Келишимдин негизинде иш алып баруу жагы мэр К.М.Эгембердиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш жана энергетика меселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы |
Б. Артыков |