Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-июну № 84/ХVII-26
Нурманбет айылындагы стадионго Абдраимов Камбараалы Дүйшеналиевичтин ысымын берүү жөнүндө
Нурманбет айылындагы жаңы курулуп бүткөн стадионго Абдраимов Камбараалы Дүйшеналиевичтин ысымын берүү жөнүндө маселени карап,анын Ысык-Ата районунун экономикасынын жана футбол оюнунун өсүп-өнүгүшүнө кошкон көп жылдык зор салымын эске алып Нурманбет айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нурманбет айылындагы стадионго Абдраимов Камбараалы Дүйшеналиевичтин ысымы берилсин.
2. Стадиондун сакталышы жана көрккө келтирилиши айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш. Андашов |