Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-июну № 85/ХVII-26
Жер участогун которуу жөнүндө
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында №528 контурда жайгашкан 1500 кв.м жер участкасын “Жайыт” түрүндөгү жерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясына которууга даярдалган документтер менен,Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу(трансформациялоо) жөнүндө” мыйзамынын,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-март 2014-жылдагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо тартиби жөнүндө” Убактылуу жобого ылайык ,Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11-13-беренелеринин негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. №528 контурдагы 1500 кв.м жер участогу “Жайыт “ жерлери түрүнөн “Айыл чарба багытындагы жерлер “ категориясынын “башка жерлер” түрүнө мал чарбасы үчүн курулуш жүргүзүүгө которулсун(трансформациялансын).
2. Бул токтом Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясында бекитилүү үчүн жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Нурманбет айылдык кеңешинин жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Нурманбет айылдык кеңешинин төрагасы |
Ш. Андашов |