Редакцияот 14.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 14-октябры № 92/ХХ-26

”Жайыт” комитетинин жүргүзгөн иши жөнүндө

Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында “Жайыт” комитетинин аткарган иши боюнча “Жайыт” комитетинин жетекчиси А.Өмүралиевдин маалымдамасын угуп жана талкуулап   Нурманбет айылдык кеңеши токтом кылат:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. ”Жайыт” комитетинин аткарган иши боюнча маалымдамасы эске алынсын

2. ”Жайыт” комитетинин жетекчиси А.Өмүралиевге:

- ”Жайыт” комитетинин  мындан аркы иштери активдештирилсин жана төмөндөгү иш чаралар аткарууга милдеттендирилсин:

- Жайыт пайдалануучулардын жайыт үчүн төлөмүн чогултуу тартипке келтирилсин жана төлөмдөр 100% аткарылсын.

- төлөм акыларын жыюу боюнча планды аткарып,жайыттарды жакшыртуу үчүн бериле турган чет өлкөлүк инвестицияларты тартып келүүгө тынымсыз аракеттер жүргүзүлсүн

- атайын бөлүнүп берилген кеңсенин оңдоп түзөө иштери бул айдын ичинде бүткөрүлсүн

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

Нурманбет айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Ш. Андашов