Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 14-февралы № 10/4
Депутаттардын санын кворумун аныктап регламенке өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы кворуму 7 депутат болуп бекитилсин.
2. Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин регламенке өзгөртүү киргизүү Нарын облустук юстиция башкармалагынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырымын
Төрага | Ж. Молоев |
| Депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVI шайланган Х сессиясынын 14-февраль 2014-жылдагы протоколунан КӨЧҮРМӨ. |
Күн тартибиндеги төртүнчү маселе боюнча Талды-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы Ж Молоевдин билдирүүсү:
Урматтуу депутаттар! Депутаттар тарабынан регламентке өзгөртүү киргизүүгө сунуш берилип, жумушчу топто каралып, Кеңештин сессиясына коюлуп жатат. Биз бүгүн депутаттардын санынын кворумун аныктап беришибиз керек, же болбосо депутаттардын санынын кворуму 7 адамдан болсун деген сунуш түшүп жатат, оюңуздарды айтсаңыздар.
Жумабаев К.–айылдык Кеңештин депутаты, жумушчу топ карады, 7 адамдан кворум болсун деген сунушун колдойбуз кворум 7 адамдан болсун.
Депутаттар 7 адамдан кворум болсун деген сунушту колдошту. Тиешелүү токтом кабыл алынды, токтом тиркелет.
Төрага | Ж. Молоев |