Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көлдүк айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
2014-жылдын 4-марты № 3
Көлдүк жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин жайыттарды пайдалануунун 2014-жыл үчүн иш планы жана бюджетин бекитүү жөнүндө
Көлдүк жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин жайыттарды пайдалануунун 2014-жыл үчүн иш планын жана бюджетин бекитүү жөнүдө маселе Көлдүк айыл аймагынын Көлдүк жайыт пайдалануучуларынын бирикмесинин жайыт комитетинин башчысы Курманкулов Н. сунушунун негизинде Көлдүк айылдык кеңешинин “Айыл-чарба, жер, маселелери” боюнча туруктуу комиссияда каралып, комиссиянын курамынын талкуусунун негизинде түзүлгөндүгүн эске алып, депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндө Мыйзамынын 10-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктунун негизинде Көлдүк айылдык кеңешинин кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көлдүк жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин жайыттарды пайдалануунун 2014-жыл үчүн иш планы жана бюджети бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Бул токтомду аткарууга алуу Көлдүк жайыт пайдалануучуларынын бирикмесинин жайыт комитетинин башчысы Курманкулов Н. жана Көлдүк айыл өкмөтүнүн башчысы-Жайыт комитетинин кеңешинин төрагасы М. Молдокасымов милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин «Айыл- чарба, жер, маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына (Турдуев Б. ) жүктөлсүн.
Көлдүк айылдык кеңештин төрагасы |
Молдалиев С. А. |