Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-декабры № 19/1
Баетов айыл аймагында коомдук үрөн фондусун түзүү жана Уставын каттоодон өткөрүү жөнүндө
Баетов айыл аймагында коомдук үрөн фондусун түзүү жана Уставын каттоодон өткөрүү жөнүндө күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын баетов айылдык Кеңешинин кезексиз чакырылган XIX-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айыл аймагында 2014-жылдын 15-декабрында өткөрүлгөн жалпы чогулуштун №1 протоколунун негизинде “Баетов” коомдук үрөн фондусу түзүлсүн.
2. Коомдук “Баетов” үрөн фондусунун Уставы жалпы чогулуштун катышуучуларынын талкуусунун негизинде жактырылгандыгы белгиленсин.
3. “Баетов” коомдук үрөн фондусунун Уставын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана Уставга ылайык иш алып баруу жагы фонддун төрагасы Ж.Карасартовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
Төрага | Т. Рысбаев |