Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-декабры № 19/2
Баетов айылдык Кеңешинин закондуулук жана укук тартиби боюнча тармактык комиссиянын отурумунун №1 протоколун бекитүү жөнүндө
Баетов айылдык Кеңешинин закондуулук жана укук тартиби боюнча тармактык комиссиясынын 2014-жылдын 7-октябрындагы отурумунун №1 протоколун бекитүү жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин кезексиз XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айылдык Кеңешинин закондуулук жана укук тартиби боюнча тармактык комиссиясынын 2014-жылдын 7-октябрындагы отурумунун №1 протоколу бекитилсин.
2. Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн юрист адис кызмат орду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451 “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу 2013-жылдын 8-августундагы №403 чү токтомуна ылайык маалыматтык компьютердик-технологиялар боюнча адис болуп өзгөртүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Рысбаев |