Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 18-декабры № 19/3
Баетов айыл аймагына тал-теректерди тигүү жөнүндө
Баетов айыл аймагында КДКИ-3 долбоорунун алкагында жакыр үй-бүлөлөргө тал-теректерди тигүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулапдепутаттардын Баетов айылдык КеңешининкезексизXIXсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айылынын түндүк-батыш тарабындагы сайдын оң жээгиндеги №___ контурундагы 4 га жер аянты КДКИ-3 долбоорунун алкагында жакыр үй-бүлөлөргө тал-теректерди тигүү боюнча долбооруна ылайык 20 жылга муниципалдык паркуюштурууга уруксат берилсин..
2. Мониторинг жана баалоо тобуна мүчөлүккө №5 шайлоо округунун депутаты Э.Беделов көрсөтүлсүн.
3. Муниципалдык паркка тиешелүү документтерин даярдап, мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы агрардык курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча тармактык комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Рысбаев |