Редакцияот 10.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашка-Жол айыл округунун кеңешинин кезектеги 7-сессиясынын (V шайланан) - заседаниеси

 

2014-жылдын 10-февралы № 7/5

Кашка-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Тоготой айылындагы Базар-Арык каналындагы көпүрөгө Улуу Ата-Мекендик согуштун ветераны Уметалиев турсункулдун атын коюу жөнүндө №5003 шайлоо участкасынын депутаты Турдуев Жунусмаматтин билдирүүсүн угуп Тоготой айылынын жамаатынын 5.02.2014-жылдагы №3 протоколун карап Кашка-Жол айыл округунун Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кашка-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Тоготой айылынын тургундарынын 5.02.2014-жылдагы №3 протоколу бекитилсин.

2. Тоготой айылынын тургуну Улуу Ата-Мекендик согуштун ветераны Уметалиев Турсункулдун ысымы Базар-Арык каналындагы көпүрөгө берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айылдык Кенештин тиешелуу туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Кашка-Жол айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Абдырахманов Б.