Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Көк-Бел айылдык кеңешинин (III шайланган) XII-сессиясы
2013-жылдын 2-февралы № XII-1
Көк-Бел айылдык округунун 2012-жылдагы Жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2013-жылга жергиликтүү бюджета жана 2014- 2015-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2012-жылга карата жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2014-жылга каралган жергиликтүү бюджетин жана 2013-2015-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджета жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган Долбоору тиешелүү мекеме-ишканалардын жеткечилеринин катышуусунда депутаттардын Көк-Бел айылдык кенешинин «Экономикалык, бюджет, соода жана ишкердуулук» боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгьшган, Кыргыз Республикасынын ез алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү «Мыйзамынын 27-статьясынын 5-пунктуна ылайык депутаттардын Көк-Бел айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылга Көк-Бел айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 18216.8 мин сом өлчөмүндө бекитилсин. Тиркемеге ылайык аныкталсын.
2. 2013-жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 1- тиркемеге ылайык аныкталсын. Жергилктуу бюджеттин чыгаша бөлүгү 2013-жылга тушкен кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соцфондко чегерүү) каржылануусу белгиленген.
3. Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2014-2015-жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолунун негизги көрсөткүчтөрү № 2,3-тиркемеге ылайык колдоого алынсын. Кирешенин болжолу 2014-жылга жергиликтүү бюджет 1495 миң сомго, (республикалык бюджеттин алынуучу гранттар 16741.8 жана 2014-жылга жергиликтүү бюджет 1500,0 сомго (республикалык бюджеттин алынуучу гранттар 16741.8 сом менен) белгиленсин.
Көк-Бел айыл өкмөтүнүн 2013-2014-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнун болжолу жактырьшсын.
4. Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнүн ашыкча бөлүгү толугу менен жергиликтүү бюджетинин каржылоосуна кал ары аныкталсын.
5. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджета 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзамынын 8-беренесине ылайык райондук мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөргө киргизүүгө;
Жергиликтүү бюджеттик мекемелери казыналыктын региналдык белумдерунен тышкары, мекменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.
Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджета 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын 14-беренесинин 2-пуктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюлары эскертилсин.
6. 2013-жылдын 1-январына айылдык бюджетти боюнча жугуртулуучу кассалык накталай акча 80,0 мин сом суммасында белгиленсин.
7. Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүлөргө укуктуу:
- Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелирне өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;
- Ченемдик укутук актылардын өзгөртүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүү;
- киреше бөлүгүнен белгиленген пландан ашыкча тушкен каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнун өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо;
7. 2013-жылда айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландарынан ашыкча аткрылышана түшкөн каражаттарды бөлүштүрүү жана өзгөртүү киргизүү айылдык Кецешке ыйгарылсын.
8. Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансылык-экономикалык негиздерин чыңдоо, алардын финансьшык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айьш өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмлгө алынсын.
9. Көк-Бел айылдык округунун 2012-жылдагы жергиликтүү бюджеттин киреше 11343 мин сомго, чыгаша бөлүгү 971,0 миң сомго же кирешенин чыгашадан 163,3 мин сомго артыкчылыгы менен аткарылгандыгы белгиленсин.
10. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы депутаттардын Көк-Бел айылдык кенешинин «Экономика, бюджет» туруктуу комиссиясына тапшырьшсын.
Көк-Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
Ч. Тешебаев |