Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Көк-Бел айылдык кеңешинин (III шайланган) XII-сессиясы
2013-жылдын 2-февралы № XII-02
Өз жер участогуна кичи кыш заводун куруу үчүн уруксат берүү жөнүндө
Көк-Бел айылдык кеңешинин
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Бел айылынын тургуну Орозалиев Орунбайдын арызынын негизинде өзүнүн там арка участкасына кичи кыш завод курууга уруксат берилсин.
2. Орозалиев Орунбайга экология жана башка керектүү жерлерден уруксат кагаздарын алуусу жана каттоодон өтүүсү милдеттендирилсин. Курулуучу кичи кыш заводго керектелуучу суу, коомдук суу линиясынан пайдаланууга уруксат берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, айыл, жер, суу, жайыт жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Көк-Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
Ч. Тешебаев |