Загрузка документа…
КӨК-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Көк-Бел айылдык кеңешинин кезексиз XII-сессиясы
2013-жылдын 2-февралы № XII-3
Студенттин контрактын төлөө жөнүндө
Айылыбыз Райондун борборунан 30 км алыста жайгашып, элдин борбордук ооруканага барып көрүнүп келүүсү кыйынга турат. Ушул маселени чечүү максатында:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылда врач жок болгондуктан Ош мединституту менен келишим түзүлүп 1 студенттин окуу чыгымын (контракт) төлөөгө жергиликтүү бюджеттен 28 ООО (жыйырма сегиз мин) сом бөлүнсүн.
2. Бөлүнгөн акча каражатын Ош мединститутуна которуп берүү ФЭБ не башчысы А. Эргешовго милдеттендирилсин.
Көк-Бел айылдык кеңешинин төрагасы |
Ч. Тешебаев |