Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын XXVIII сессиясынын отуруму
2015-жылдын 24-декабры № XXVIII-1
Ноокат шаарынын аймагындагы ар кандай диний радикалдык агымдардын жана диний экстремизмдин алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы ар кандай диний радикалдык агымдардын жана диний экстремизмдин алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдардын иштери маселелери боюнча Ноокат шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде Ноокат шаардык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарына караштуу Бостон, Барын, Ташлак, Кара-Турпак аймактарынын ТОС башчыларына, көчө комитеттер, аймактык тескөөчүлөр, мектеп директорлору, соц. педагогдор, окуу бөлүмүнүн башчылары, мечит-медреселердин имамдары, атинча энелер менен биргеликте окуу-тарбия иштерин жакшыртуу, жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана ислам динин туура багытта алып баруу боюнча иш-чараларын иштеп чыгуу жагы милдеттендирилсин.
2. Ноокат шаарынын аймагындагы билим берүү мекемелеринде окуучулардын, ата-энелердин милдеттери жана укуктары, ошондой эле диний экстремизмди алдын алуу жана болтурбоо боюнча стенд чыгаруу, ишеним телефондорун уюштуруу, тегерек стол, ачык тарбиялык сааттарды өткөрүү, иш-аракеттерин жүргүзүү Бостон, Барын, Ташлак, Кара-Турпак аймактарынын ТОС башчыларына, көчө комитеттер, аймактык тескөөчүлөр, мектеп директорлору, соц. педагогдор, окуу бөлүмүнүн башчылары, мечит-медреселердин имамдарына жана атинча энелерге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдардын иштери маселелери боюнча Ноокат шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Гафаров |