Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын XXVIII сессиясынын отуруму
2015-жылдын 24-декабры № XXVIII-2
Ноокат шаар аймагында жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагында жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу боюнча жүргүзүп жаткан иштердин абалы жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдардын иштери маселелери боюнча Ноокат шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде Ноокат шаардык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаар аймагында жаш өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу боюнча мындан ары да жаштар комитети, КААБ мүчөлөрү, ИДН инспекторлору, мектеп директорлору, соцпедогогтор, ата-энелер комитеттери менен биргеликте иш дайыма алып барылсын.
2. Ноокат шаар аймагындагы Н.К.Крупская, Х.Самиев, А.Абдуллаев, А.Абдубаитов орто мектептеринин окуучуларынын мектеп убагында сабакка катышуусун, сабактан кийинки убактагы шаар аймагындагы жайгашкан компьютердик кааналарда, эс алуучу жерлерде, эмгекке пайдаланууда соода-сатык точкаларындагы жүрүш-туруштарын, үй-бүлөлүк абалдарын көзөмөлдөп баруу КААБ мүчөлөрү, ИДН инспекторлору, мектеп директорлоруна, соц.педогогторго, ата-энелер комитеттерине, камкорчулар тобуна жана жаштар комитеттерине милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, депутаттык этика, коомдук уюмдардын иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Гафаров |