Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын XXVIII сессиясынын отуруму
2015-жылдын 24-декабры № XXVIII-3
Ноокат шаарынын аймагындагы жаш кыздардын билим алуусу жана никелик куракка толбостон, эрте турмушка чыгуусунун алдын-алуу боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагында жаш кыздардын билим алуусу жана никелик куракка толбой туруп, эрте турмушка чыгуусунун алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин абалы жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде Ноокат шаардык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагында жаш кыздардын билим алуусу, алардын никелик куракка толбой туруп, эрте турмушка чыгуусунун алдын алууда Бостон, Барын, Ташлак, Кара-Турпак кварталдарынын ТОС башчылары, көчө комитеттери, КААБ мүчөлөрү, мечит-медереселердин имам хатибдери, атинча дин лидерлери, ата-энелер, мектеп жетекчилиги менен биргеликте дайыма иш алып барылсын.
2. Ноокат шаарынын аймагында жаш кыздардын билим алуусу жана никелик куракка толбой туруп эрте турмушка чыгуусунун алдын-алууда, ата-энелердин, жаш кыздардын укук-милдеттери тууралуу КААБ мүчөлөрү, мектеп жетекчилиги иш-чараларды иштеп чыгуусу тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Гафаров |