Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын XXVIII сессиясынын отуруму
2015-жылдын 24-декабры № XXVIII-4
Ноокат шаардык мэриясынын административдик имаратынын кошумча иштерин аткарууга которулбай калган 365 045 сом акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын административдик имаратынын кошумча иштерин аткарууга Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XII сессиясынын 2014-жылдын 30-апрелиндеги XII-2 токтому менен 365 045 сом акча каражаты ажыратылып берилген. Бирок, ушул күнгө чейин ал акча которулбагандыгына байланыштуу шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык мэриясынын административдик имаратынын жаңы өзгөртүлгөн долбооруна ылайык кошумча иштерди аткарууга которулбай калган 365 045 сом акча каражатын Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Гафаров |