Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын XXVIII сессиясынын отуруму
2015-жылдын 24-декабры № XXVIII-5
Ноокат шаарынын 2015-жылдын бюджети бекитилген пландан жылдын жыйынтыгы менен такталган план боюнча түшкөн кирешелердин эсебинен Ноокат шаарынын мэриясынын резервдик фондусуна кошумча акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Ноокат шаарынын 2015-жылдын бюджети бекитилген пландан жылдын жыйынтыгы менен такталган план боюнча түшкөн кирешелердин эсебинен Ноокат шаарынын мэриясынын резервдик фондусуна кошумча 1 % га чейин акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө шаардык кеңештин бюджет, финансы, экономика, соода маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын 2015-жылдын бюджети бекитилген пландан жылдын жыйынтыгы менен такталган план боюнча түшкөн кирешелердин эсебинен Ноокат шаарынын мэриясынын резервдик фондусуна кошумча 50 000 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын бюджетинин жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Гафаров |