Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын XXVIII сессиясынын отуруму
2015-жылдын 24-декабры № XXVIII-7
Ноокат шаарынын О.Солтобаев атындагы көчөсүндө жайгашкан жалпы 1285 чарчы метрди түзгөн Ноокат Соода-Базар кооператив башкармалыгынын жер аянтынын ичинен, жол тарабындагы дарбазасынын эки четине 6 чарчы метрден болгон 12 чарчы метр жер аянтына жеңил конструкциядагы 2 даана дүкөн орнотуп, мөмө-жемиш сатууга багытын өзгөртүү жөнүндө
Ноокат шаарынын О.Солтобаев атындагы көчөсүндө жайгашкан жалпы 1285 чарчы метрди түзгөн Ноокат Соода-Базар кооператив башкармалыгынын жер тилкесинин аянтынын ичинен багытына өзгөртүү киргизүүнү сурап жазган Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин катын жана муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун карап, суралган жердин пайдалануу багытына өзгөртүү киргизүү максатында Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын Х.Абдумаликов көчөсүнүн №21 үйүнүн тургуну, Ноокат Соода-Базар кооператив башкармалыгынын төрагасы Орозалиев Равшанбек Батырбековичтин арызынын негизинде Ноокат шаарынын О.Солтобаев атындагы көчөсүндө жайгашкан жалпы 1285 чарчы метрди түзгөн Ноокат Соода-Базар кооператив башкармалыгынын жер аянтынын ичинен, жол тарабындагы дарбазасынын эки четине 6 чарчы метрден болгон 12 чарчы метр жер аянтына жеңил конструкциядагы 2 даана дүкөн орнотуп, мөмө-жемиш сатууга багыты өзгөртүлсүн.
2. Пайдалануу багытындагы жер аянтына өзгөртүү киргизүү үчүн документтерин даярдоо Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Гафаров |