Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын XXVIII сессиясынын отуруму
2015-жылдын 24-декабры № XXVIII-8
Ноокат шаарынын аймагындагы С.Алимбаев атындагы көчөсүнүн №40 - үйүнүн жанына ажааткана куруу жөнүндө
Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы С.Алимбаев атындагы көчөсүнүн №40-үйүндө жашаган жарандардын жана Ноокат-Кара-Таш автобекетинде эмгектенип жаткан атуулдардын кайрылуусунун негизинде, заманбап, толук шарты бар ажааткананы курууга Ноокат шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун карап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны курулуп жаткан ажааткана Ноокат шаарынын аймагындагы С.Алимбаев атындагы көчөсүнүн №40-үйүнүн жашоочуларына пайдаланууга берилсин.
2. Ноокат шаарынын аймагындагы С.Алимбаев атындагы көчөсүндөгү №40-үйдүн эски ажаатканасы жалпы элге пайдаланууга берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, өнөр жай, курулуш, экология жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Гафаров |