Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын XXVIII сессиясынын отуруму
2015-жылдын 24-декабры № XXVIII-9
Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин жарыктык системасын оңдоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин жарыктык системасын оңдоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун карап, Ноокат шаардык кеңешинин сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы А.Абдуваитов атындагы орто мектебинин жарыктык системасын оңдоо үчүн 12 600 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Гафаров |